22:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

УКМК кызматкерлери эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон кыргызстандык О.У. аттуу жаранды Бишкектен кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүнү текшерүү учурунда жанынан Кыргызстандын жасалма паспорту табылган. Ал паспорт эл аралык террористтик уюмдун дагы бир мүчөсү, мурда Сириядагы согушка катышкан А.Р.га таандык болгон.

Билдирүүгө ылайык, кармалган жаран террористтик уюмдун мүчөсү катары Сириядагы өнөктөштөрүнө жардам кылып акча салып турган. Алдын ала маалыматтар боюнча О.У. Сирияга 100 миң долларга жакын акча салган.

Ага карата этникалык, диний, рассалык кастыкты жаратуу, террористтик ишмердүүлүктү каржылоо, документтерди жасалмалоо беренелери менен кылмыш иш козголду.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума