00:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Парламент Жаныш Рустенбековду Тажикстандагы элчиликке дайындоого макул болду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жаныш Рустенбековду Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына жактырды. Комитет мүчөлөрү мындай чечимди жыйында кабыл алды.

Эми президент аны элчи катары дайындоо боюнча жарлык чыгарышы керек. Тажикстандагы буга чейинки элчи Мирослав Ниязовдун элчилик иш мөөнөтү быйыл аяктаган.

69 жаштагы Жаныш Рустенбеков буга чейин Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп эмгектенип келген.

Эң көп окулган жаңылыктар