Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Жон-Булак айылында жергиликтүү тургундар эркек кишинин жансыз денесин таап алышты. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жансыз денени арыктан табышкан. Окуя болгон жерге милиция келип, каза болгон кишинин денесинде ур-токмоктун изи бар экенин аныкташты.
Каза болгон жарандын өздүгү такталды, ал Караколдун 32 жаштагы тургуну болуп чыкты.