22:57
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Чыңгыз Айтматов-90 жыл» коллекциялык монетасы чыгарылат

«Чыңгыз Айтматов-90 жыл» коллекциялык монетасы кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына арналып чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди

Монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Монетанын четин тегерете «Чыңгыз Айтматов — 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov — 90 years» жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп, Ч. Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Эң көп окулган жаңылыктар