Ысык-Көл облусундагы корукта жаш аркарлардын көбөйгөнү байкалды
Ысык-Көл облусундагы жаратылыш коруктарынын биринде жергиликтүү кызматкери 3–4 жаштагы аркарларды байкап, аны видеого тартып алган.
Корук кызматкери жаныбарга бир аз убакыт байкоо жүргүзгөн. Ал аркарга 10–20 метр аралыкка жакындаганда, аркар кырдаалды баалап, артка бурулуп, дөңсөөнүн аркы бетине өтүп кеткен.
Мындай учурлар жапайы жаныбарлар табигый чөйрөдө жашап, өз аймагында эркин жүрүшөрүн айгинелейт.
Акыркы жылдары жапайы жаныбарларды коргоо, алардын табигый байырлоо чөйрөсүн сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин аркасында аркарлардын жана куландардын санынын табигый өсүү тенденциясы байкалууда.