Дүйнөлүк рейтинг: Кыргызстан экологиялык натыйжалуулук боюнча 131-орунду ээледи
Йель университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан даярдалган 2026-жылдагы экологиялык натыйжалуулук индексинде (Environmental Performance Index) Кыргызстан 177 өлкөнүн ичинен 131-орунду ээледи.
Өлкөнүн индекси мүмкүн болгон 100 баллдан 33,75 баллды түздү.
Мурдагы он жылдык мезгилге салыштырмалуу Кыргызстандын көрсөткүчү 11,78 баллга өскөн. Жыйынтыктын жакшырганына карабастан, республика мурдагы советтик мамлекеттер тобу боюнча орточо деңгээлден (39,46 балл) төмөн бойдон калууда.
Борбор Азия мамлекеттеринин арасында 41,26 баллдык жыйынтык менен дүйнөдө 84-орунду ээлеген Казакстан лидер болду. Өзбекстан 121-сапка (34,79 балл), Түркмөнстан — 123-сапка (34,64 балл) жайгашты. Аймактагы эң төмөнкү көрсөткүчтү Тажикстан көрсөтүп, 26,75 балл менен 165-орунга чыкты. Ошентип, Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ичинен Кыргызстан Тажикстанды гана озуп, төртүнчү орунду ээледи.
Кыргызстан калктын экологиялык саламаттыгына жана жаратылыш экосистемаларын сактоого байланыштуу бир катар багыттар боюнча салыштырмалуу төмөн бааларды алды.
Атап айтканда, абанын сапаты боюнча республика 25,46 балл топтоп, 131-орунду ээледи. Экологиялык саламаттык көрсөткүчү боюнча өлкө 130-позицияга, ал эми экосистемаларды сактоо боюнча 133-позицияга жайгашты.
Эң көйгөйлүү категориялардын бири биоартүрдүүлүктү жана жаратылыш чөйрөлөрүн сактоо болду. Бул жерде Кыргызстан 16,13 баллдык жыйынтык менен 161-орунду ээледи. Оор металлдардын таасири боюнча өлкө 168-позицияда (16,37 балл) калды.
Ошол эле учурда республика айрым багыттар боюнча кыйла жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөттү.
Токойлор категориясында Кыргызстан 57,60 балл топтоп, дүйнөдө 11-орунду ээледи. Жайлоолордун жана шалбаалуу экосистемалардын абалы боюнча өлкө 87,45 баллдык жыйынтык менен 16-позицияга жайгашты.
Абаны булгоочу заттардын бөлүнүп чыгышынын динамикасына байланыштуу абанын булганышы көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 71,42 балл алып, 46-орунду ээледи.
Дүйнөлүк рейтингдин лидери 74,79 балл топтогон Эстония болду. Экинчи орунду Люксембург (74,24 балл), үчүнчү орунду Улуу Британия (71,51 балл) ээледи. Алдыңкы ондукка Финляндия, Нидерланды, Германия, Франция, Норвегия, Швеция жана Австрия да кирди.
Рейтингдин карама-каршы учунда негизинен Азия жана Африка өлкөлөрү орун алды. Эң акыркы, 177-орунду 21,78 баллдык жыйынтык менен Лаос ээледи. Андан бир аз жогору Индия (22,46 балл), Бангладеш (23,46 балл), Мали (23,56 балл) жана Вьетнам (23,82 балл) жайгашты.
Эске салсак, экологиялык натыйжалуулук рейтинги жыл сайын Йель университетинин алдындагы Экологиялык саясат жана укук борбору тарабынан түзүлөт. Баалоо 12 категорияга жана үч негизги багытка — калктын саламаттыгынын экологиялык аспектилери, экосистемалардын абалы жана климаттык саясатка бириктирилген 47 көрсөткүчтүн негизинде калыптанат. Ар бир өлкө белгиленген экологиялык багыттарга жетүү деңгээлине жараша 0дөн 100гө чейин балл алат. Жыйынтык канчалык жогору болсо, рейтингдеги орду ошончолук жакшы болот.