USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Сыргак Кенжебаев бир айга камакка алынды

10:28, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер жана активист Сыргак Кенжебаевди 13-ноябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттон билдиришти.

Сот ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн сунуштамасын канааттандырды. Кенжебаевге алдамчылык жана массалык башаламандыктарга чакырык жасоо айыбы коюлууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал бир жарандан биргелешип бизнес жүргүзүү шылтоосу менен 150 миң доллар алган. Мындан тышкары, ИИМ Кенжебаев чет өлкөдө жүрүп, интернетте митингдерге, массалык башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялап турганын ырастоодо.

дак.png

Эскерте кетсек, Кенжебаев чет мамлекеттин аймагында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеме анын так кайсы өлкөдө кармалганын ачыктаган жок.

2019-жылдын декабрында Кенжебаев 350 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалган. Анда УКМК кытайлык ишкердин арызы тууралуу билдирген, ал ишкерге акча бергенин, бирок кайтарып ала албаганын айткан.

Блок YouTube

2026-жылдын августунда Кенжебаев президент Садыр Жапаровдун айланасындагы адамдарга карата айыптоолор менен чыккан. Ал эми сентябрь айында аны Камбоджада кыргызстандык күч түзүмдөрү кармоого аракет кылганын билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18