USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 368 айдоочу кармалды

12:07, 09 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Жол кыймылынын эрежелерин бузуунун 21 миң 812 учуру аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол эрежесин бузуу фактысы 30-октябрдан 5-ноябрга чейин катталган.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 632;
  • Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу — 368;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 293;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 538;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу -1 055;
  • Авто ээнбаштык — 26;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 924;
  • Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу — 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 15 582;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 388 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18