Бишкектин Эмен сейил багындагы тротуарлар унаалардан тазартылды
Кайгуул милиция кызматы башкармалыгы бишкектиктердин Эмен сейил багынын жанына токтотулган унааларга карата шаар тургундарынынайткан даттануусуна чара көрдү.
Эскерте кетсек, күн мурун борбор калаанын тургуну унаалар толуп кеткен жөө адамдар өтүүчү аймак тууралуу айтып чыккан. Ал аллеялар менен эркин басуу мүмкүн болбой жатканын белгилеген.
«Эмне үчүн шаардык бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөйт жана тартипти орнотпойт? Бирөө чара көрүшү үчүн сөзсүз эле басма сөзгө кайрылуу керекпи? Жакында балдарыбыз сейилдей турган жер да, дем ала турган аба да калбай калат окшойт», — деп жазган аял.
Башкармалыктан 24.kg агенттигине билдиришкендей, кайрылуудан кийин Кайгуул милиция кызматынын кызматкерлери аллеяларды унаалардан тазартышты.