Кара-Сууда соодагерлер ижара акысына нааразы болууда. Милиция текшерүү баштады
Ош облусунун Кара-Суу районунда «Туратали» борбордук базарынын соодагерлери ижара акысын төмөндөтүү талабы менен райондук мамлекеттик администрациянын имаратынын алдына чогулушту. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 18-ноябрда ишкерлер райадминистрациянын имаратына келип, соода орундарынын ижара акысы боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышкан.
Бул факт Кара-Суу РИИБде каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталды.
Милициядан билдиришкендей, соодагерлердин талаптары тиешелүү жетекчилерге өткөрүлүп берилди. Учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштар каралып жатат.

Базар администрациясынын маалыматына караганда, ишкерлердин кайрылуулары изилденип, андан кийин чечим кабыл алуу пландалууда.
Чогулган жерде Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жарандар менен коомдук тартипти сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Эске салсак, буга чейин да Кара-Суу базарынын соодагерлери соода комплекси президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыял» мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөндөн кийин ижара шарттарына нааразычылыгын билдиришкен.
Октябрь айында ишкерлер ай сайын төлөнүүчү ижара акысы 3 миң 300 сомдон 12 миң сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенине даттанышкан.
Анда президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрү соодагерлер менен жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү бийлик мурдагы ижара акылары сакталарын билдирген болчу.
Бирок 18-ноябрда ишкерлер ижара акысын кайра карап чыгуу талабы менен райондук администрациянын алдына кайрадан чыгышты.
Ош облустук ИИБ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарды гана колдонууга чакырды.