Чүй облусунда эки өспүрүмгө мылтык менен ок аткан жаран кармалды
Чүй облусунда өтүп бара жаткан адамдарга пневматикалык мылтыктан ок аткан деп шектелген жаран кармалды. Анын кесепетинен эки жашы жете элек бала жабыркаган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 17-ноябрында Чүй райондук ооруканасына болжол менен пневматикалык куралдан ок атуучу жараат алган эки өспүрүм түшкөн.
Жабыркагандар 2013 жана 2015-жылы туулган өспүрүмдөр экени аныкталды.

Бул факт каттоого алынып, милиция кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын башташкан.
Натыйжада шектүү — 2002-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Ал укук коргоо органдарына калибри 4,5 миллиметр болгон Hatsan AirTact үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыгын өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жаран 17-ноябрь күнү саат 18:30дар чамасында мылтык көтөрүп көчөгө чыгып, өтүп бара жаткан адамдарды көздөй ок чыгарганын мойнуна алган.
Шектүү Чүй РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.