Чүйдө дайынсыз жоголгон 19 жаштагы жигиттин сөөгү Ысык-Ата суусунан табылды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 28-октябрда жоголгон 19 жаштагы Азим Жыргалбековдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 31-октябрда укук коргоо органдарына 2007-жылы туулган жигиттин жоголгондугу тууралуу арыз түшкөн.
Көрсөтүлгөндөй, 28-октябрда ал Бишкектеги батиринен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери аны акыркы жолу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында достору менен жолугушканда көрүшкөнүн аныкташкан.
9-ноябрда издөө иштеринин жүрүшүндө ӨКМ жана милиция кызматкерлери Азим Жыргалбековдун сөөгүн Дмитриевка жана Буденовка айылдарынын ортосундагы Ысык-Ата дарыясынан, көпүрөнүн жанынан табышкан.
Учурда аталган факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын жагдайлары такталууда.