USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды

09:33, 12 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек ШИИББдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери «Допинг» ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын алкагында Биринчи май районунун аймагынан 2006-жылы туулган С. К. аттуу жаранды кармашты. Ал синтетикалык баңгизаттарды жашыруун жайларга катып кетүү жолу менен таратууга шектелүүдө.

Кармалган жаранды жеке тинтүү учурунда милиция кызматкерлери белгисиз зат салынган 56 таңгакты табышкан. Мындан тышкары, кийинки иш-чаралардын алкагында С. К. көрсөткөн жерлерден дагы ушундай сегиз таңгак табылып, алынды. Жалпысынан салмагы 152 граммды түзгөн 64 таңгак алынган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин тартибинде шектүү кармалып, борбор калаанын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкек ШИИББ эскертет: баңгизаттарды таратуу, анын ичинде жашыруун жайларга катып кетүү жолу менен таратуу кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Мекеме жарандарды, айрыкча жаштарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан оңой акча табуу сунуштарына азгырылбоого чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18