USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Сасык тумоо: Ооруган балдардын ата-энелери үчүн байланыш борборлору ишке кирди

10:01, 28 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда КРВИ белгилери бар балдардын ата-энелери үчүн байланыш борборлору ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, телефон аркылуу аралыктан кеңеш алууга болот. Баланын абалын алгачкы баалоодон тартып ооруканага жаткыруу көрсөткүчтөрүн аныктоого чейин кеңештер берилет.

Байланыш борборлорунун телефондору:

  • № 1 ҮМБ — 0501323156;
  • № 2 ҮМБ — 0559203103;
  • № 3 ҮМБ — 0500755471;
  • № 4 ҮМБ — 0704706773;
  • № 5 ҮМБ — 0500706911;
  • № 6 ҮМБ — 0558299808;
  • № 7 ҮМБ — 0500060868;
  • № 8 ҮМБ — 0700157609;
  • № 9 ҮМБ — 0550359050;
  • № 10 ҮМБ — 0990507015;
  • № 11 ҮМБ — 0500530010;
  • № 12 ҮМБ — 0501121293;
  • № 13 ҮМБ — 0707366084;
  • № 14 ҮМБ — 0550103150;
  • Темир жол поликлиникасы — 0709 372 849.

Дарыгерлер жарандарды алдын алуу чараларын сактоого, КРВИ менен ооругандардын саны көбөйгөн мезгилде эл көп чогулган жерлерге барбоого, колду жуууга, башкаларды жуктурбоо үчүн ооруп калган учурда коомдук жактарга чыкпоого жана өз алдынча дарыланбоого чакырышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18