USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Өлкөдө сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө башталды. Бишкек даректери

08:35, 09 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө жүргүзүлүлүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген адамдарга: өнөкөт оорулары бар жарандарга, 65 жаштан жогорку курактагыларга, кош бойлуу аялдарга, тез-тез ооруп турган балдарга жана медицина кызматкерлерине эмдөө алуу сунушталат.Вакцинаны Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз алууга болот.

Ошондой эле каалоочулар Бишкек шаарындагы айрым менчик медициналык уюмдардан акы төлөнүүчү негизде да эмдөө ала алышат. Вакцинанын бир дозасынын баасы 850 сомдон башталат. Эмдөө төмөнкү мекемелерде жүргүзүлөт: ЦАДМиР, «Кроха», «Малыш», «Эдельвейс», «Интермедикал», «Авицена», «Клиника 21», «Чипенко», «Комфорт Мед» жана № 312 поликлиникасы.

838564157_1593641615894477_3515879903847120807_n.jpg

Мындан тышкары, КРВИнин алгачкы белгилери байкалганда балдарга медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү максатында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда атайын колл-борборлор уюштурулду.

Ата-энелер телефон аркылуу кайрылып, баштапкы консультациядан тартып ооруканага жаткырууга чейин аралыктан жардам ала алышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18