Кыргызстанда КРВИ менен ооругандар көбөйүүдө. Дарыгерлер ата-энелерге кайрылды
Аба ырайынын суукташы жана курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын көбөйүшү шартында Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭБКУБ) ата-энелерди ооруканага жаткыруу жана стационардагы балдарга баруу эрежелерин сактоого чакырды.
Борбордун башкы дарыгери Болот Бурабаев оорулардын сезондук көбөйгөн мезгилинде пульмонология бөлүмү жогорулатылган жүктөм менен иштеп жатканын кабарлады.
Ошол эле учурда улуттук борбордо атайын медициналык жардамга муктаж, өнөкөт жана башка олуттуу оорулары бар балдар жатат. КРВИ симптомдору бар адамдар менен байланышуу жугузуп алууга жана кабылдап кетишине алып келиши мүмкүн.
Буга байланыштуу ата-энелерден ооруп жаткан коноктордун ооруканада жаткан балдар менен байланышуусуна жол бербөөнү жана медициналык персоналдын сунуштарын катуу сактоону суранышат.
Балдарга качан чукул медициналык жардам керек?
Дарыгерлер КРВИ симптомдору пайда болгондо баланын абалына көз салып, өз убагында медициналык кеңеш алуу үчүн кайрылуу керектигин эскертишет.
Өзгөчө төмөнкү симптомдор коркунучтуу:
- дем алуунун кыйындашы;
- айкын байкалган алсыздык (шалбыроо);
- аң-сезимдин бузулушу;
- оор абалдын башка белгилери.
Булар пайда болгондо токтоосуз шашылыш медициналык жардамга кайрылуу зарыл.
Инфекциялардын таралышынын алдын алуу үчүн медиктер колду үзгүлтүксүз жууп турууну, бөлмөлөрдү шамалдатууну, оорулуулар менен байланышуудан качууну жана КРВИ белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектептерге да, бала бакчаларга да жибербөөнү сунушташат.
Улуттук борбордо ошондой эле ооруканага жаткыруу медициналык көрсөтмөлөр боюнча гана жүргүзүлөрүн эске салышты. Стационардык дарылоонун зарылдыгы жөнүндө чечим баланын абалын жана дарыгерлик кароонун жыйынтыктарын эске алуу менен кабыл алынат.
Ата-энелерге пландык госпитализациялоо тартибин, негизги документтердин тизмесин жана бейтаптарга баруунун колдонуудагы эрежелерин алдын ала тактоо сунушталат.
Борбордо бул талаптарды сактоо дарыланып жаткан балдарды кошумча инфекциялардан коргоого жардам берерин баса белгилешти.