USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров Нарын облусунун Жумгал районунун акимин алмаштырды

14:32, 13 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Исматилла Маматов Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп дайындалды. Ал кызматынан бошотулган Жаныбек Исаковдун ордуна келди.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан билдиришти.

Жаныбек Исаков Жумгал районун 2026-жылдын май айында жетектеп баштаган. Бул кызматка дайындалганга чейин ал президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Кадамжай районунун акими болуп иштеген.

Исматилла Маматов тууралуу өмүр баяндык маалыматтар ачык булактарда жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18