Мамлекеттик чек ара кызматында төраганын орун басары алмашты
Мирзамир Сыдыков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул кызматка Жаныбай Юсубалиев дайындалды.

Ачык булактарда Жаныбай Юсубалиевдин толук өмүр баяны жок. Анын 2020-жылдардын башында Чек ара кызматынын турак жай-эксплуатациялык камсыздоо башкармалыгынын башчысы кызматын ээлегени маалым.
Эскерте кетсек, Мирзамир Сыдыков бул кызматка 2026-жылдын 11-мартында дайындалган. Ал ведомствону санариптештирүүгө, көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарына видеокөзөмөл системаларын киргизүүгө жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун чыңдоого багытталган реформаларды ишке ашыруу менен алектенген.