Жалал-Абад мамлекеттик университетине жаңы ректор дайындалды
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору болуп Дурус Козуев дайындалды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Дурус Козуев — филология илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу. Ал 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин роман-герман филологиясы факультетин «филолог-германист, англис тили жана адабияты мугалими» адистиги боюнча аяктаган. 1999-жылы филология илимдеринин кандидаты, 2023-жылы филология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алган.
Ар кайсы жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетинин деканы, Касым Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Эл аралык билим берүү борборунун директору жана европалык цивилизациялар факультетинин деканы болуп иштеген.
2015-жылдан 2025-жылга чейин Касым Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору кызматын аркалап, андан кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ушундай эле кызматта иштеген. 2026-жылдын 17-февралынан тарта илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары болгон.