USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыялбек Тойчиев «УТРК Ош» телеканалынын директору болуп дайындалды

14:22, 26 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«УТРК Ош» телеканалынын директору Эрмек Муратбек уулу өз каалоосу менен кызматтан кетти. Жаңы жетекчи болуп Кыялбек Тойчиев дайындалды.

Кыялбек Тойчиев 1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Ачык булактардын маалыматы боюнча, ал буга чейин телекомпанияны жана маалымат агенттигин жетектеген, ошондой эле «Live News» ЖЧКсынын башкы директору кызматын аркалаган.

жаны.png

Эскерте кетсек, 2022-жылдагы реформадан кийин мурда өз алдынча иштеп келген облустук телеканалдар УТРКнын курамына кирген. «УТРК Ош» телеканалынын тарыхы өзгөчөлөнүп турат. Ал эл аралык донорлордун колдоосу менен 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин ишин баштаган «Ынтымак» ОРТРКнын базасында түзүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18