USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

11:15, 20 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Мирлан Урматов Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы жетекчини райондук активге ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырды.

1795149218343-6ffa89a4-6f1f-496d-bf90-31fbf03f4aa6-batken-akimpng-optimized.webp

Мирлан Урматов 1982-жылы 10-февралда Чүй облусунун Сокулук районундагы Туз айылында туулган. Жогорку юридикалык билими жана экономика магистри даражасы бар.

Эмгек жолун Ички иштер министрлигинде (ИИМ) баштаган. Ар кайсы жылдары «Урмат Ата» дыйкан чарбасын, Сокулук районунун З. Кайназарова атындагы, Гавриловка жана Кожомкул айыл өкмөттөрүн жетектеген. Ошондой эле Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Ага чейин Кадамжай районун 2023-жылдын декабрь айында бул кызматка дайындалган Болоткан Баяке уулу жетектеп келген. 2026-жылдын 19-ноябрында ал мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Баткен районунун акими болуп дайындалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18