Өзгөчө кырдаалдар министринин жаңы орун басары дайындалды
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин жаңы орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Эске салсак, Ала-Арча капчыгайында 14 жаштагы Амир Кунакунов каза болгондон кийин ӨКМ системасында кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Министр Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыяланып, үч жетекчи ээлеген кызматтарынан бошотулган, ал эми Аскер прокуратурасы шалаакылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Буга чейин, 7-ноябрда саат 19:02де 112 ыкчам кызматтарынын бирдиктүү номерине 14 жаштагы Амир Кунакуновдон чалуу түшкөн. Ал тоолуу аймактан түшүп келе жатып багыттан адашып калганын билдирип, куткаруучулардан жардам сураган. Бирок өспүрүмдү сактап калууга мүмкүн болгон эмес. 9-ноябрда издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө Электро чокусунун аймагында анын сөөгү табылган.
Текшерүү ӨКМдин ишинде олуттуу мыйзам бузууларды аныктаган.
Атап айтканда, окуя тууралуу маалымат министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилигине өз убагында жеткирилген эмес. Ошондой эле нөөмөт кызматтары менен куткаруу топторунун ортосундагы координациянын жетишсиздиги жана издөө операциясын уюштуруудагы кемчиликтер аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаров ишти уюштуруудагы олуттуу кемчиликтер жана ведомстволук контролдун жетишсиздиги үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыялаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимдери менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев ээлеген кызматтарынан бошотулган. Мындан тышкары, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов кызматтан алынган.