USD87.45EUR95.92RUB1.06
24.kg

Президенттик шайлоо: Бактыбек Калмаматов 30 миң кол топтоду

11:27, 27 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов Кыргызстандын президенттигине талапкер катары катталуу үчүн зарыл болгон шайлоочулардын колун топтоду.

Кол топтоонун электрондук системасы берген маалыматтарга ылайык, 27-ноябрга карата аны 30 миң 440 жаран колдогон.

Ага чейин зарыл болгон чектен Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Исхак Масалиев, Сыймык Жапыкеев жана Клара Сооронкулова өткөн.

Бактыбек Калмаматов президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына 11-ноябрда арыз берген.

1795755038799-d5ab2db1-5b2f-4b64-b3a4-0e90565cbd2b-resized-850x570png.png

Алдыдагы президенттик шайлоого катышуу тууралуу жалпысынан 11 талапкер билдирген. Кол топтоо 8-декабрга чейин, каттоо үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 13-декабрга чейин уланат. Талапкерлерди каттоо 23-декабрда аяктайт.

Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18