Президенттик шайлоо: Бешинчи талапкер керектүү кол топтоду
Клара Сооронкулова алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары каттоодон өтүү үчүн шайлоочулардын минималдуу жол берилген санын чогултту.
26-ноябрга карата кол топтоо электрондук системасынын маалыматына ылайык, анын талапкерлигин колдоп 30,2 миңден ашуун адам кол койгон.
Мыйзамга ылайык, каттоодон өтүү үчүн шайлоочулардын кеминде 30 миң колун чогултуу зарыл. БШКга тапшырууга мүмкүн болгон колдордун максималдуу саны 60 миңди түзөт.

Керектүү босогону 11 талапкердин 5өө буга чейин эле басып өттү:
- Садыр Жапаров — 60 миң;
- Исхак Масалиев — 38 миң 109;
- Аймен Касенов — 37 миң 46;
- Сыймык Жапыкеев — 31 миң 140;
- Клара Сооронкулова — 30 миң 200.
Кол топтоо 8-декабрга чейин уланат. Керектүү колду топтой албаган талапкерлер талапкер катары катталбайт.Катталган талапкерлердин акыркы тизмеси 23-декабрга карата белгилүү болот.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.