БШК Оштун мэри шайлоо алдында штаб ачканы тууралуу маалыматты четке какты
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын «Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарда шайлоо алдындагы штаб уюштуруп жатат» деген билдирүүсүн төгүндөдү. Бул тууралуу ал УТРКга берген маегинде билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы эл өкүлдөрүн жана жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Анын айтымында, эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер шайлоо алдындагы иш-чараларга аралашса, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Буга чейин президент Садыр Жапаров да шайлоодо административдик ресурсту колдонууга каршы чыккан. Ал аткаминерлерге кызматкерлерге басым жасагандыгы жана жарандарды айрым талапкерлерди колдоого мажбурлагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.
Эске салсак, парламенттин жыйынында депутат Камила Талиева Ош шаарынын мэри шаарда шайлоо алдындагы штаб уюштуруу менен алектенип жатканын билдирген. Ошондой эле ал мэрге бир катар дооматтарды койгон. Жыйын учурунда Жанарбек Акаевге парламентарийдин билдирүүлөрүнө жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Талапкер болуу каалоосун 11 жаран билдирген. Шайлоочулардын алдын ала тизмесине 4 миллион 467 миң 40 жаран кирген.