USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Быйыл Бишкекте автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды

14:38, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын башынан бери борбор калаада автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Кабар» улуттук агенттигине «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын экинчи автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 244 учурда коомдук транспорттун айдоочулары күнөөлүү деп табылса, дагы 272 учурда кыймылдын башка катышуучулары күнөөлүү болгон.

Муниципалдык ишкананын өкүлүнүн айтымында, эгер жол кырсыгына автобустун айдоочусу күнөөлүү болсо, транспорт каражатына келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелип, аны айдоочу ордуна толтурушу керек.

Эреже бузуунун оордугуна жараша айдоочуга тартиптик чаралар көрүлүшү мүмкүн — сыйлык акыдан ажыратуу, сөгүш жарыялоо же жумуштан бошотуу сыяктуу чаралар каралган.

Бакыт Табалдиев акыркы күндөрү автобустардын катышуусунда болгон үч жол кырсыгы боюнча да түшүндүрмө берди. Бир учурда унааны мас абалында башкарып жүргөн айдоочу күнөөлүү деп табылган. Екинчи окуя боюнча териштирүү иштери уланууда. Үчүнчү учурда, алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочунун тарамыш оорусу кармап калган. Бул жол кырсыгынын жагдайлары да териштирилүүдө.

Бишкекте 86 автобус маршруту жана шаар четиндеги багыттарды тейлеген дагы 26 микроавтобус маршруту иш алып барат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18