USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Ош — Араван унаа жолундагы үрөй учурган кырсык. Айдоочу унаадан ыргып кеткен

14:35, 13 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош — Араван унаа жолунда Changan үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Унаа бир нече жолу оодарылып кетип, айдоочу салонунан бир нече метр алыстыкка ыргып кеткен.

Күбөлөр 24.kg агенттигинин журналистине билдиришкендей, унаа жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Бир маалда айдоочу рулду башкара албай калып, натыйжада унаа оодарылып, бир нече жолу ала салып кеткен.

Жабырлануучуга окуу-машыгуудан кайтып келе жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жардамга келишкен.

Блок YouTube

Куткаруучулар айдоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан соң чакыруу боюнча келген тез жардам бригадасына өткөрүп беришкен.

Жабырлануучунун абалы жана жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18