USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Москва районунда уруксат кагаздары жок куралы менен жаран аныкталды

10:03, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейд учурунда Москва районунун № 5 кайтарылуучу тилкесинде автоунаасында тийиштүү уруксат кагаздары жок пневматикалык курал ташып бараткан жаран аныкталган. Автоунааны кароо учурунда мыйзамсыз ууланган кыргоол жана балыктар табылган.

Аталган факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү. Мыйзам талаптарын бузган жаранга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрлик жарандарды курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын катуу сактоого жана жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле жасоого чакырат. Мыйзамсыз уулоого каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18