Кыргызстанда тогуз айда көмүр казууга берилген 30 лицензия чакыртылып алынды
Быйылкы жылдын тогуз айында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тоо-кен көзөмөлү жана жер казынасын коргоо тармагындагы эреже бузуулар үчүн 394 протокол түздү. Айыптардын жалпы суммасы 10,55 миллион сомго жеткен. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова билдирди.
Мындан сырткары, Кыргыз геологиялык кызматы көмүр казууга берилген 30 лицензияны чакыртып алды.
Бул маалымат Жогорку Кеңештин к ыш маселесине байланыштуу экологиялык кырдаал тууралуу токтомунун аткарылышын кароо учурунда айтылды.
Асель Раимкулованын айтымында, Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда фракциясы 0-13 миллиметр болгон майда көмүрдү алып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган.
Талапка жооп берген өлчөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн «Кыргызкөмүр» ААКсы Кара-Кече кенинде эки көмүр сорттоочу комплекс орнотту. Сорттолгон ири көмүр Бишкек шаарына жана Чүй облусуна жеткирилүүдө.
Кыргызстанда көмүр сатуучу 659 пункт бар. Алардын 33ү Бишкекте, ал эми 73ү Чүй облусунда жайгашкан.
2026-жылдын тогуз айында Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы 14 эреже бузууну аныктап, жалпы суммасы 122 миң сомдук айып салган.