USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Баткен районунда көмүрдүн тоннасы 9-10 миң сомдон сатылууда

10:19, 21 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Баткен районунда көмүр тартыштыгы жок. Калктуу конуштарды отун менен камсыз кылуу үчүн 19 сатуу түйүнү ачылып, кампада 215 тонналык кору бар. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, көмүрдүн баасы килограммына 9 сомдон 10 сомго чейин, же болбосо тоннасы 9 миңден 10 миң сомго чейин болууда.

Жергиликтүү бийлик органдары тургундарды жеткиликтүү баада отун менен камсыз кылуу үчүн көмүр кендери менен келишимдерди түзүүдө.

Райондук администрация учурда көмүрдүн жетишсиздиги байкалбаганын ишендирди. Алдыдагы кышкы мезгилде калкка катуу отунду үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча иштер улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18