Бишкекте көмүр жетиштүү: Базар даректери жана баалары кайрадан жарыяланды
Бишкектин төрт районундагы көмүр базаларында жалпы 13 миң 190 тонна көмүр бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүр тоннасына 7 миң сомдон өйдө сатып ала алышат. Ленин районунда 5 миң 370 тонна, Свердлов районунда 5 миң 550 тонна, Октябрь районунда 1 миң 713 тонна жана Биринчи май районунда 557 тонна көмүр камдалган.
Ленин районунда Кара-Кече маркасындагы көмүр төмөнкү даректерде сатылат:
Ак-Ордо-3 конушу, Жума көчөсү, 498;
Ак-Ордо-3 конушу, Жаңы-Муун көчөсү, 49;
Новопавловка конушу, Усупбаев көчөсү, 83/4;
Мурман көчөсү, № 67а жана № 126;
Б. Алыкулов көчөсү, № 3;
Сарыкулаков көчөсү, № 6д;
Дэн Сяопин проспектиси, № 306а;
Мурман көчөсү, 45/2-контур;
Селекция конушу, Таш-Рабат көчөсү, 4а.
Миң-Куш маркасындагы көмүрдү Мурман көчөсү, № 122а дарегиндеги «Береке» көмүр базасынан жана Дэн Сяопин проспектиси, № 308/4 дарегинен сатып алууга болот. Шабыркүл көмүрү Б. Алыкулов көчөсү, № 1д/1 дарегинде сатылат. Бул райондо көрсөтүлгөн маркалардагы көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сом турат.
Свердлов районунда 9 көмүр базасы иштейт. Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сом, Шабыркүл көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң 800 сомдон сатылууда.
Октябрь районунда кышка карата 1 миң 713 тонна көмүр камдалган. Учурда райондогу бардык сатуу түйүндөрүндө көмүр бар.
Биринчи май районунда 557 тонна көмүр бар. Кара-Кече маркасындагы көмүрдү төмөнкү даректерден сатып алууга болот:
И. Айдарбеков көчөсү (мурдагы Жаш Гвардия көчөсү), 337, 390-контур;
Түндүк айланма жол, 383-контур;
Саадаев көчөсү, 8б;
Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, 50;
Озерное айылы, Школьная көчөсү, 3;
СУ дача тилкеси, «Трикотажник Б. Ш.».
Миң-Куш көмүрү Озерное айылы, Школьная көчөсү, 1д дарегинде, ал эми Шаргунь көмүрү Школьная көчөсү, 1а/3 дарегинде сатылат.
Бул райондо Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сом, Миң-Куш 8 миң сом, Шабыркүл 7 миң 600 сом турат.
Көмүр базаларынын даректери тууралуу толук маалыматты Бишкек мэриясынын сайтынан алууга болот.