USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Кыш босогодо: Бишкекте көмүр канча сомдон сатылууда?

08:30, 17 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы 4 райондо көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп жатканын эскертти.

Белгилегендей, тиешелүү кызматтар көмүр базаларындагы отундун көлөмүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.

Төмөндө көмүрдүн запастары, баалары тууралуу айтылды:

Свердлов районунда 9 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы 7 361 тоннаны түзөт.

Учурда «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.

Биринчи Май районунда 9 туруктуу көмүр базасы иш алып барууда. Бүгүнкү күнгө карата көмүрдүн жалпы калдыгы 1 184,69 тоннаны түзөт.

«Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000–7 200 сомдон, «Миң-Куш» көмүрү 8 000 сомдон, «Шаргунь» көмүрү 7 600 сомдон сатылууда.

Айрым базалардан «Шарбон» маркасындагы көмүрдү да кап менен сатып алууга болот. Бир каптын баасы — 300 сом.

Октябрь районунда калкка «Кара-Кече» көмүрү сунушталып, анын бир тоннасы 7 000 сомдон сатылууда. Райондогу көмүр базаларында отундун жалпы запасы 1 017 тоннаны түзөт.

Ленин районунда 13 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 6 500 тоннаны түзөт.

«Кара-Кече» жана «Миң-Куш» көмүрлөрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18