USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда көмүрдү сыртка сатууга тыюуну дагы 6 айга узартуу сунушталды

09:05, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда көмүрдү автоунаа менен сыртка чыгарууга киргизилген убактылуу чектөөнү дагы алты айга узартуу сунушталууда. Демилгечи катары Энергетика министрлиги чыгууда. Аткаминерлер Министрлер кабинетинин көмүрдү автотранспорт менен ташууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну караган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, тыюу салуу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, ички рынокто көмүр тартыштыгынын алдын алуу жана күз-кыш мезгилинде бааны кармап туруу максатында узартылууда.

Белгиленгендей, январдан тарта «Кыргызкөмүр» аркылуу автотранспорт менен 539 миң тоннага жакын көмүр 3 миллиард сомдон ашык суммага экспорттолгон.

Бул чектөө «Кыргызкөмүр» АКсына жана «Иркештам» менен «Торугарт» өткөрүү пункттары аркылуу ташууларга жайылтылбайт.

Эске салсак,Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга 2022-жылы убактылуу алты айлык чектөө киргизген. Тыюу улам алты айлык мөөнөткө узартылып келе жатат. Акыркы жолу быйыл апрель айында ушундай эле чектөө киргизилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18