Жылытуу сезонундагы чектөөлөр. Бишкекте кандай көмүргө тыюу салынды?
Бишкекте жана Чүй облусунда майда сорттогу көмүрдү киргизүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга салынган тыюу күчүндө калууда. Борбор калаанын мэриясы тургундарга чектөөлөр жана кыйла экологиялык жылытуу системаларына өтүү үчүн жеңилдетилген насыялоо программалары тууралуу эскертти.
Сөз нөлдөн 13 миллиметрге чейинки сорттогу чачыранды көмүр жөнүндө болуп жатат. Тыюу салуу 2025-жылдын 22-октябрынан тарта аракетте. Өзгөчөлүк жылуулук менен камсыздоочу ишканалар үчүн каралган.
Мэриядан мамлекеттик органдар жана муниципалдык кызматтар чектөөлөрдүн сакталышын текшерип, бааларга мониторинг жүргүзүп жатканын жана калкты катуу отундун уруксат берилген түрлөрү менен камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатканын билдиришти.
Көмүр менен жылытуудан баш тартууну каалаган тургундар үчүн жеңилдетилген насыялар каралган.
Алсак, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары 12 же 24 айга жылдык 3 пайыз менен 150 миң сомго чейин ала алышат. Каражат газдаштыруу тармактарына кошулууга, газ менен жылытуучу жабдууларды сатып алууга жана орнотууга багытталган.
Мындан тышкары, «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында борбор калаанын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары 5 жылга чейинки мөөнөткө жылдык 6 пайыздан баштап 1 миллион сомго чейин насыя алса болот.
Каражатты жылуулук насосторун, электр жабдууларын жана күн энергиясы түзүлүштөрүн сатып алууга багыттаса болот.
Программада «Элдик Банк», «АБанк» жана «Бакай Банк» катышууда.
Насыялоонун шарттары жана арыз берүү тартиби тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн шаардыктарды түздөн-түз банктарга кайрылууну сунушташат.
Мэрия тургундарды экологиялык талаптарды сактоого жана мүмкүнчүлүккө жараша таза жылытуу ыкмаларына өтүүгө чакырды.