USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ИИМ «Коррупцияга жол жок!» аттуу челленж баштады

16:01, 12 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министрлиги тарабынан «Коррупцияга жол жок!» аттуу челленж башталды.

Ведомстводон белгилешкендей, демилгенин максаты — коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөргө карата келишпестик мамилени калыптандыруу.

Коррупцияга каршы күрөшүү — мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомчулуктун биргелешкен милдети. Анын алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу ар бирибизден жоопкерчиликти талап кылат.

Челлендждин алкагында эстафеталык вымпел Агартуу министрлигине өткөрүп берилип, демилгени улантууга жана коомчулукту активдүү катышууга чакыруу жасалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18