USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Дене тарбия жана спорт агенттигинин директоруна жаңы орун басары дайындалды

15:44, 06 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Нурсултан Курманалы уулу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, жаңы дайындалган директордун орун басарын эмгек жамаатына бүгүн, 6-октябрда Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Эржигит Ибраимов тааныштырды.

Нурсултан Курманалы уулу 1994-жылдын 26-августунда Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимди Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Омск академиясынан алып, «Улуттук коопсуздукту укуктук камсыз кылуу» адистиги боюнча окуп бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2013–2018-жылдары — Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөгөн;

2019–2022-жылдары — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестицияларды тартуу секторунда адис, жетектөөчү адис;

2022-жылдын февраль–апрель айлары — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин коомчулук менен байланыш, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;

2022–2025-жылдары — аталган департаменттин укуктук, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

2025-жылдан бери — Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18