USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

БШК президенттикке талапкер Аймен Касеновдун өкүлүн каттады

13:23, 16 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мурда президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн Аймен Касеновдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары Виталий Мазыкинди каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Чечим бүгүн комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Виталий Мазыкинге белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.

Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлигин көрсөтүү боюнча арыз менен бир гана адам — ишкер Аймен Касенов кайрылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18