Бишкек мэри 2028-жылга чейин борбор калааны өзгөртүү пландарын айтты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун 150 жылдыгына карата шаар байкаларлык өзгөрүшү керектигин айтты.
Өз кайрылуусунда Жунушалиев 2021-жылдан бери Бишкекте мурда иштери токтоп калган жолдордун жана балдар аянтчаларынын курулушу аяктаганын белгиледи. Шаар башчысынын айтымында, шаардык кызматтар бир катар объекттерди иретке келтирип, көрктөндүрүү иштерин улантууда.
«Биз шаарды өзгөртө алабыз жана өзгөртүп жатабыз. Бул үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем», — деди мэр.
Ал жакынкы эки-үч жылда азыркы иш ыргагын сактап калууга үмүттөнөрүн жана 2028-жылга чейин Бишкек жаңыланып өзгөрүшү керектигин кошумчалады.
«150 жылдык мааракеге карата биз көптөгөн инфраструктуралык чечимдерди ишке ашырып, объекттерди курушубуз керек. Шаар башкача болушу зарыл», — деди Айбек Жунушалиев.
Шаар башчысы билдиргендей, борбордун мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилөө пландалууда. Мэр шаардын келбетин өзгөртүү үчүн бардык муниципалдык кызматтардын иши маанилүү экенин баса белгиледи.