Адамга мыкаачылык менен кол салуу: Таласта дагы үч шектүү кармалды
Таласта киши өлтүрүүгө аракет кылуу иши боюнча дагы үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, тергөөнүн алкагында милицияга У. А., Ш. уулу Ж. жана С. уулу Ч. жеткирилди. Баары 1995-жылы туулган. Алар убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди.
Буга чейин Таласта оор кылмыштарды жасоого шектелип тогуз адам, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкери кармалган. Жарандарды мыкаачылык менен сабоонун эки эпизоду тергелүүдө, алардын бири киши өлтүрүүгө аракет кылуу катары квалификацияланган.

Интернетте бир топ адам эркек кишини сабап жатканы тартылган видео жарыяланган.
20-ноябрда түн ортосуна жакын Б. Баатыр жана Ш. Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде бир топ адам А. Ш. аттуу жаранды ар кандай буюмдарды колдонуп сабап салышкан. Андан кийин кол салгандардын бири жабырлануучуну унаа менен сүздүрүп кеткен.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренелери (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.