USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Быйыл Бишкекте эки миңден ашуун бак-дарактар кыйылды

16:29, 24 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 2026-жылдын башынан бери 2 миң 163 бак кыйылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, 31 миң 445 көчөт отургузулган. Алардын канчасы өнүп кеткенин муниципалитет тактаган жок.

Белгилей кетсек, жыл башында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын башкы агроному 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейинки эски бактарды — негизинен теректер менен карагачтарды алуу пландалып жатканын айткан.

«Эски бактар 50 көчөдөн алынат, бирок 17 миң жаңы көчөт отургузуу пландалууда. Мэрия 50 миң көчөт сатып алууда, алар питомниктерде жергиликтүү климатка ыңгайлаштырылып, 2027-жылы отургузулат», — деп түшүндүргөн ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18