USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Бишкекте 207,5 миңден ашык жоогазын отургузулат

13:05, 18 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы учурда төрт районго голландиялык сорттогу 207 миң 500 түп жоогазын отургузулууда. Жоогазындар март–апрель айларында гүлдөп, шаардын көчөлөрүн, сейил бактарын жана скверлерин көркүнө чыгарат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, гүлдөрдүн беш түрдүү түсү тандалып алынган.

Жоогазындар райондорго төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Биринчи май району — 70 миң түп;
  • Ленин району — 60 миң түп;
  • Октябрь району — 50 миң түп;
  • Свердлов району — 27 миң 500 түп.

Гүлдөрдү отургузуу алдында топурак даярдалып, жоогазын 12-15 сантиметр тереңдикке тигилүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18