USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын ИИМинин суроо-талабы боюнча 4 жылда чет өлкөдө 184 шектүү кармалды

10:04, 23 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

2023-жылдан бери Кыргызстандын суроо-талабы менен эл аралык издөөгө алынган 184 адам башка өлкөлөрдө кармалды. Дагы 132 адам мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кармоо иштери 29 өлкөдө жүргүзүлгөн, алардын арасында Таиланд, Вьетнам, Италия, Испания, АКШ, Түркия, БАЭ, Россия жана Казакстан бар. Ушул эле мезгил ичинде Кыргызстанда башка мамлекеттер тарабынан издөөгө алынган 96 чет элдик жаран камакка алынган. Алардын 42си суроо-талап жиберген өлкөлөргө өткөрүлүп берилди. Алардын катарында Түркия, Польша, Франция, Пакистан, Россия жана Өзбекстан бар.1/6 Кыргызстандын ИИМинин суроо-талабы боюнча 4 жыл ичинде чет өлкөдө 184 адам кармалды.

Чет өлкөдө кармалгандардын арасында оор кылмыштарга шектелгендер болгон. Мисалы, Италиядан Кыргызстандын эки жараны табылган. Бири кылмыштуу топ түзүүгө, экинчиси өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө.

Мындан тышкары, Дубайда киши өлтүрүүгө айыпталган кылмыштуу топтун мүчөсү аныкталды. Таиландда дагы эки адам кармалды. Алар да киши өлтүрүүгө шектелүүдө.

Болгарияда Түркиянын жараны кармалды. Ал Кыргызстан аркылуу Түркиядан Грецияга 436 килограмм героин ташууну уюштурган деп шектелүүдө. Баңгизат төрт жүк ташуучу чиркегичтин темир конструкцияларына катылган.

ИИМ эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды табуу жана Кыргызстанга кайтаруу үчүн чет элдик укук коргоо органдары менен кызматташууну улантарын билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18