Бишкектеги жол кырсыгы: Автобустун айдоочусу медициналык кароодон өткөн
15-октябрда Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган № 38 автобустун айдоочусу окуя болгон күнү эртең менен наркологиялык кароодон өтүп, жол кагазы болгон. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
«Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, айдоочу кароодон саат 7:30да өтүп, андан кийин линияга чыккан. Кырсыктан кийин Кайгуул милиция кызматы башкармалыгынын кызматкерлери аны күбөлөндүрүүгө алып кетишкен.
Документтер, анын ичинде жол кагазы да алынган. Муниципалитет айдоочуда жол кагазы болгон эмес жана кароодон өткөн эмес деген билдирүүлөрдү четке какты.
Эске салсак, 15-октябрь күнү кечинде № 38 каттамдагы Zhongtong автобусу алты унаа менен кагылышкан: Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord. Мэрия өз алдынча иликтөө жүргүзүүдө жана анын жыйынтыгын укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү пландап жатат. Жол кырсыгынан кийин Улан Бейшенбаев Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директору кызматынан бошотулду.