Бишкекте электробустун катышуусундагы жол кырсыгынан үч адам жабыркады
Бишкекте электробустун катышуусунда орун алган жол кырсыгынан үч адам жабыркады. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Тез жардам борборунан билдиришти.
Дарыгерлердин маалыматы боюнча, 13 жаштагы кыз алдын ала коюлган «баш мээнин чайкалышы» диагнозу менен Шаардык балдар тез жардам ооруканасына жеткирилди. Ушундай эле диагноз менен жеңил унаанын айдоочусу Улуттук госпиталга жеткирилген. Ал эми автобустун айдоочусу ооруканага жатуудан баш тарткан.
Оор жаракат алгандар жок.
Бир саат мурун Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде электробустун катышуусунда жол кырсыгы болгондугун 24.kg басылмасына окуянын күбөлөрү билдиришкен. Жол кырсыгына дагы эки жеңил унаа кабылган. Электробустун ичинде жүргүнчүлөр болгон.
Белгилей кетсек, акыркы убакта борбор калаада коомдук транспорттун катышуусу менен бир нече ири жол кырсыктары орун алды. Ушундай авариялардын биринен кийин Транспорт департаментинин жетекчиси кызматтан бошотулган. Шаар тургундары Бишкектин жолдору мынчалык көп сандагы сыйымдуулугу чоң автобустарга ылайыкташкан эмес деп болжолдошууда. Мэрия азырынча муниципалдык автобустардын айдоочуларына байланыштуу жалпы кырдаал боюнча комментарий бере элек.