06:27
USD 87.45
EUR 99.20
RUB 1.06

Сосновка жана Арал бикеттеринде оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка жана Арал бикеттеринде оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда саат 09:20да жана Арал постунда саат 08:30да оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө азырынча күчүндө.

"Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG