13:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Каржы министри Кыргызстандын бюджетин коргоо кыйын экенин айтып арызданды

Каржы министри Адылбек Касымалиев айрым министрлердин айынан Кыргызстандын бюджетин коргоо кыйын экенин айтып арызданды. Бул тууралуу ал өкмөттүн отурумунда айтты.

Анын билдиргенине караганда, учурда 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин комитетинде талкууга алып башташты. Ал өкмөт мүчөлөрүнө каражат берген жок деп депутаттарга арызданбагыла деп суранды.

«Биз бул жакта баарыбыз маселени кабыл алып, чечип, долбоорду жактырабыз. Кийин айрым министрликтер парламентте белгилүү бир сумма сурашканын, бирок башка сумманы берип койду деп айтып чыгышат. Кат жаза башташат. Бул себептен бюджетти коргоодо бизге кыйынчылык жаралууда», -деди Адылбек Касымалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума