01:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат Улугбек Кочкоровго бийликти кантип сындап келгенин эскертти

«Сиз дайыма бийликти сындап келгенсиз. Эми эмне өзгөрдү, сиздин позицияңызбы же өлкө жетекчилигиби? Бир канча жолу депутаттар тууралуу жаман пикир айткансыз, эми болсо бизге колдоо издеп келип жатасыз. Жогорку Кеңештин дарегине кандай сөздөрдү айтканыңыз эсиңиздеби? Өз сөзүңүздөн баш тартасызбы?», -деди Рыскелди Момбеков.

Улукбек Кочкоров кызматтын аркасынан жүгүрбөгөндүгүн айтып, ал тургай президенттик шайлоодон кийин баш тарткандыгын мойнуна алды.

«Мен чуркаган жокмун, ортомчулар дагы кайрылышкан жок. Мага азыр министр бол деп сунушташты, мен абалды оңдоого шанс беришти деп ойлоп жатам. Убакыт өзгөрүүдө, мурда Сооронбай Жээнбековдун ачык саясат жүргүзө тургандыгынан күмөн санасам, азыр баарыбыз ага жардам беришибиз керек экендигин түшүндүм», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар