23:53
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезер менен мушташты Москвада өткөргүсү келет

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов мушкер Флойд Мейвезер менен мушташты Москвада өткөргүсү келет. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

Хабиб Нурмагомедов Конор Маркгрегор менен таймашынан кийин эле Мейвезерге чакырык таштаган. Мейвезер мушташууга каршы эместигин айткан.

Хабиб «Бирок Лас Вегаста эмес. Алар менин акчамды төлөп беришпейт» деп жазган.

Азыр ал Россиянын бокс федерациясынын башкы катчысы Умар Кремлев менен Мейвезер менен мушташты Москвада өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн жарыялады.

«100 миңдей көрүүчү топтойбуз. Алып көрсөтүү боюнча дагы рекорд коебуз. Эң башкысы бурчта менин атам болот. Москвага виза керек эмес го», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар