09:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин ким башкарат? Депутат кызыкдар

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги министри жок эле иштесе боло тургандыгын айгинелешти. Бул тууралуу социалдык маселелер, илим, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик отурумда депутат Жанар Акаев айтып чыкты.
 

Ал эмне үчүн азыркыга чейин министрликке башчы катары талапкеркер көрсөтүлө элек деп сурады. «Мыйзам боюнча 5 күн ичинде талапкер Жогорку Кеңешке тааныштырылыш керек эле, бирок 10 күн өттү, андай болгон жок», -деди ал.

«Биз эмне 5 миллион кыргызстандыктардын арасынан тандай албай жатабызбы? Бирок, командировкалап жүргөн жетекчилери жок деле министрлик өз алдынча иштесе боло тургандыгын көрсөттү», -деп кошумчалады Жанар Акаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби