13:40
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кино анонс. Мектеп рэкети тасмага түшүрүлдү

Агентура

Белгилүү актер Азиз Мурадилаев башкы ролу ойногон «Агенттура» тасмасы эки айдан бери Бишкек шаарынын кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат. Кинодо полковник Темир Айтматов жетектеген топ мыйзамсыз жол менен ийри курал жарак саткан кылмышкерлер менен күрөшүп, бир нече кылмыштын бетин ачат.

Тасманын режиссеру Нарбото Анарбаев.

Атаман

Жаш режиссер Өмүрбек Нурдиновдун «Атаман» аттуу социалдык драмасын тартууга 30 миң сом каражат жумшалган. Кино учурдун көйгөйү мектептеги талап-тоноого багытталат.

Тасмада мектеп окуучусу Талгат чоң класстардын рэкетчилигине каршы туруп, чекит коюу үчүн бир топ кыйынчылыктарды баштан өткөрөт.

Андан тышкары, шаардагы кинотеатрларда «Көк бөрү» жана "«Чала спортик» тасмалары көрсөтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар